Сыясы кургай элек жап жаңы китепти назарыңызга сунабыз.
Бул китебибиз момундар имамы, уламалар султаны Изз ибн Абдуссалам рахматуллахи алайхинин калемине таандык.
Ал 1181-жылы азыркы Дамаск шаарында дүйнөгө келген. Өзүнүн илимдүүлүгү жана динге бекемдиги менен үммөттүн терең урматына ээ болду.
Заманында бүт эл анын оозун карап турду. Өзүнөн кийинки бүт аалымдарга үлгү көрсөтүп кетти.
Ал көз жумганда султан Бейбарс: "Мен эми гана өз бийлигиме ээ болдум. Анын көзү тирүүсүндө элдин баары аны угуп, ага баш ийишет эле" деп айткан.
Имам бул китебинде кыйынчылык жана сыноолордо момун үчүн көптөгөн пайдалар, акылмандыктар бар экенин жазат. Ар бир кыйынчылыкта бизге маалым 17 пайда бар экенин жана да инсан билбеген Аллах гана билген көптөгөн пайдалар бар экенин айтып, баяндап берет.