Автор өзүнүн заманынын эң улуу аалымдарынан эле. Ал тууралуу Ибн Касир рахматуллахи алайхи: "Ал сүннөттү сактаган диндар жана ишенимдүү адамдардан болуп, зээн жана такыбалык ээси эле", - деп айтат.
Ал көптөгөн эмгектердин ээси. Алардын алгачкысы болуп которулуп жаткан бул китебинде нафс жана жүрөк оорулары, алардын келип чыгуу жолдору жана аны дабалоо тууралуу жазылат.
Чынында бардык нерсе жүрөктөн башталат. Эгер андагы ооруларды дабаласа, анда акыбети эмне болорун, бул көрүнүш инсанды кандай кайгыга саларын жазат.
Имам Газали рахматуллахи алайхи "Жүрөктүн баасы анда сакталган нерсенин баасы менен өлчөнөт. Жүрөктө Аллахка болгон сүйүү бар болгондуктан ал башка органдардан улуу" деп айткандай, китеп дал ошол жүрөк жана андагы оорулар тууралуу🫀.