Адамзат тарыхындагы эң даанышман адам катары белгилүү болгон пайгамбарыбыз Мухаммаддын(Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун)өмүр жолун билүү ар бир адамдын милдети.Анткени,ал ааламдын жашоо нугун өзгөртүү үчүн Аллах тарабынан жиберилген акыркы пайгамбар.Ал өзүнүн жыйырма үч жылдык пайгамбарлык өмүрүндө,Аллах тарабынан мойнуна жүктөлгөн милдетти толук аткара алды.Ал ушул кыска убакыттын ичинде,Кыяматка чейинки Адам урпактарына бакыт жолун көрсөтүүгө жетишти.