Автор китебинде эмне себептен бакырарыбызды, ачуубузду кантип контролдоону, кайгыларыбызды, капалыктарыбызды, таарынычтарыбызды отуруп сүйлөшүп, муздап калган энелигибизди жаңыдан жылытууну, балдар эмне үчүн терс кылык-жоруктарга барышынын себептерине токтолот. Балага жаза берүү ишке жарабасын жана аларды тартипке салуунун ыкмалары берилет. Бул китеп бакырбаган апа болуу куру же таттуу кыял эместигин жана бакырып-кыйкырбастан бала тарбиялоо ыкмаларын сунуштайт. Эгерде бир эне бакырбоону ниет кылса, жанында ага бакыт жана тынчтык тартуулаган бир түгөйү болгону үчүн деп айтат автор. Китеп жалгыз апа статусундагыларга эле эмес, ата статусундагыларга да сунушталат.