Сапарбек Закиров- "Кыргыз санжырасы"
Санжыра- араптардын "чажара" сөзүнөн алынган. Бизче которгондо "дарак" дегенди түшүндүрөт.
Санжыра – уруу, уруктардын, элдин келип чыгышы, таралышы, бөлүнүшү, тарыхы жөнүндө маалымат берген оозеки чыгармачылыктын бир түрү.
Мына ошол кыргыз фольклористикасына эбегейсиз зор салым кошкон белгилүү окумуштуу, профессор САПАРБЕК ЗАКИРОВДУН "Кыргыз санжырасы" деген фундаменталдуу эмгегинде кыргыз элинин байыртан баскан жолу, баатырдыгы, тектеш элдер менен болгон мамилеси, каада-салт, тил, этнографиясы жөнүндөгү бай маалыматтар камтылган.
Кыргыз өзү кырк уруудан турганы менен анын түпкү насил-наркы өтө тереңде жатканын бул эмгек менен таанышкан адам жазбай баамдайт.