Тарыхый чындыкты камтыган китептердин бири — «Маркумдар үнү» чыгармасы. Китепте кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири Гапар Айтиевдин өмүрү менен ошол учур сүрөттөлгөн. Сталиндин саясаты, кыргыздардын агаруусу, кыргыз атынын сакталып калуусу үчүн жанын курмандыкка чалууга даяр болгон К. Тыныстанов, Ж. Бөкөнбаев, А.Осмонов, Т. Сыдыкбеков, Ж. Турусбеков, У. Абдукайымов, М. Элебаев, А. Токомбаев сыяктуу улуу инсандарыбыздын Сталин доорундагы кыйынчылыктары, кызыктары камтылган Адам баласы башынан кандай гана оор тагдыр кечирсе ошончолук такшалып бышып, турмушта көздөгөнүнө жетет. Гапар Айтиевдин тагдыр жолу ушунчалык оор болду. Ачкачылык азабы, энелик куса аны болушунча кыйнады. Чүкөдөй ары-бери өкчөлдү. Ал ортодо социалисттик коомдун таасири билим алуусунда чоң тоскоол болду. Улуу сүрөтчүбүздү турмуш кандай гана сыноого салбасын акырында өз максатына жетти. Мына ушунун баары "Маркумдар үнү" китебинде баяндалат. Бул китеп окуган адамдын оюн өзгөртүп, жаштарыбзга чоң мотивация болот. Биз Гапар Айтиевдин тагдыры менен тарыхыбызды тааный алдык!.. Ар бир кыргыз окуй турган китеп.

750 сом