Бул китепте ата-энесинен эрте калып, балдар үйүндө тарбияланып, көп жылдан соң жогорку билим алып, өз айылына барып билим берүү, тарбиялоо жаатында жаңыча ыкмаларга баш коюга аракет кылуу менен жаңы турмушка кадам таштаган Эсен аттуу жаш мугалимдин кызыктуу жашоосу сүрөттөлөт. Жазуучу Эсендин образы аркылуу ошол мезгилдеги мектептердин билим деңгеелин, орус тилин окутуу маселесин, мектеп менен айыл чарбасынын, жалпы эле коомдук турмуштун тыгыз байланышын жогорку көркөмдүктө чагылдырат. Ошону менен бирге, кыргыз элинин атадан балага, улуудан кичүүгө өтүп келген каада-салтына, утуттук баалуулуктарына, сөз маданиятына кеңири орун берет