Улуттун гүлдөп - өсүшү ар бир жарандын бакубат берекелүү жашоосуна байланыштуу. Бул китеп так ошол ар бирибиздин жеке ийгилигибиздин чен - өлчөмдөрүн изилдейт. Ийгиликке жетүүнү көздөгөндөргө акчанын купуя сырларын ачып, байлык топтоп, аны сактап жана киреше алып келүүгө жумшоону үйрөтөт.
Китептин акыркы барактары бизди - каржы мыйзамдарынын негизги бешиги болгон Байыркы Вавилонго алып барат. Вавилон байыркы дүйнөнүн гүлдөп - өскөн эң сонун шаарынын үлгүсү болгон, анткени анын жашоочулары бүтүндөй жакырчылыкты жеңип чыгышкан.