Бул китепте Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (салллаллаху алейхи васаллам) басып өткөн өмүр жолу кеңири баяндалат. Китепте Пайгамбарыбыз (салллаллаху алейхи васаллам) төрөлгөнгө чейин болгон окуялар, анын төрөлушү, балалык жана жаштык чагы, пайгамбарлык милдеттин берилиши жана анын Ислам динине болгон чакырыгы, бул жолдо башынан өткөн кыйынчылыктар жөнүндө айтылган. Андан соң Пайгамбарыбыздын (салллаллаху алейхи васаллам) Меккеден Мадинага көчүүсү, ал жерде Ислам дининин ар тарапта кеңири таралышы, алгачкы Ислам мамлекетинин түзүлүшү ж.б. жөнүндө баяндалат.