Баланы окутканды окутуучу дегенибиз менен алардын баары эле "Устат" деген наамга жетише албайт. Баланы тарбиялоодо, адам кылып чыгарууда, устаттын милдети эбегейсиз зор, ары татаал.
Бул китеп окутуучуну устат кылууга негизделген, мугалимдин эмгегин илимий жол менен уюштурууга, жаңы технологияларды колдонууга, окуучуларды мыкты кылып тарбиялоого багытталган.
Бул окуу-методикалык куралы мектеп жетекчилерине, мугалимдерге, класс жетекчилерге, студенттерге колдонууга сунуш кылынат.